Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Кыргызстан тез жардам унааларын сатып алууга 3 млн доллар алат
03.12.2021 | 12:22
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга тез жардам унааларын сатып алуу үчүн 3 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу ЕТӨФнун жетекчиси Андрей Широков II Евразиялык конгресстин алкагында билдирди.
Анын айтымында, учурда бул долбоорду ишке ашыруу үчүн дагы бир грант түзүлүп жатат.
«Башында мобилдик диагностикалык системаларды сатып алууга каражат бөлүү сунушталган. Бирок Кыргызстан приоритеттерди башкача белгилеп койду”,-дейт Андрей Широков.
Буга чейин Кыргызстан да ЕТӨФ грантынын 2 миллион долларынын эсебинен заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган көчмө медициналык комплекстерди алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика