Садыр Жапаров: «…деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле отставкага кетип калайын»

Садыр Жапаров: «…деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле отставкага кетип калайын»

БШК “бийлик ушинтип басым жасады, анан биз ушинтип добуш уурдадык” деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле отставкага кетип калайын. Мындай пикирин Президент  Садыр Жапаров aryba.kg сайтына берген маегинде билдирди. Маекти толугу менен окуңуз… 

— Урматтуу президент мырза, биринчи суроом шайлоо боюнча болот. Шайлоо сиздин оюңуз боюнча кандай өттү? Мыйзам бузуулар болгон жокпу? “Добушубузду уурдап алдыңар” деп ызы-чуу салган партиялар чыкты. Чындап эле добуштар уурдалдыбы?

 

— Шайлоо жакшы өттү. Бул менин баам эмес. Биринчи кезекте көпчүлүк элдин баасы. Экинчиден, дүйнөлүк коомчулуктун, эл аралык байкоочулардын баасы КМШ, Европа, ШОС (Шанхай кызматташтык уюму — ред.), Түрк дүйнөсү, Араб өлкөлөрү жана Америка өлкөлөрүнөн келген 800гө жакын байкоочулар катышышты. Шайлоонун эртеси алардын баары өз бааларын беришти. “Шайлоолор эң жогорку деңгээлде өттү”, — деп алгылыктуу айтышкан өлкөлөр болду. Ошол эле демократиялуу делген Европа, Америка өлкөлөрү дагы жакшы баа беришти. Анын баарын өзүңөр деле ММКлардан көрдүңөр да. Баары шайлоо калыс өткөнүн, добуштар уурдалбаганын, техника калп айтпасын жакшы билишет. Себеби, ошол эле өнүккөн мамлекеттер ушул техникалар боюнча бизден 50 жыл алдыга кеткен. Эгер чындап уурдалган болсо жакшы айтмак түгүл дүйнө жүзүнө дүңгүрөтө жарыялап чыгышмак. “Мына Кыргызстанда ушундай болду, добуштар уурдалды”, — деп.

 

Ал эми “добуштар уурдалды, бюллетендерди түнү менен алмаштырышат” деген саясатчылардын айткандары абсурд. Республика боюнча 31 000 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар. Элестетиңиз, 31 000 кишинин катышуусу менен түн катып бюллетендерди көтөрүп алып чуркап жүрүшкөнүн. Азыр үч киши менен кыңыр иш кылсаң бир заматта билинип калчу заман. Эгер эле бийлик тараптан басым болсо, БШКнын башчысы, адистери же участкалык шайлоо комиссияларынын 31 000 мүчөсү “бийлик ушинтип басым жасады, анан биз ушинтип добуш уурдадык” деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле отставкага кетип калайын. Ал эми протоколдорду кайра көчүрүп жазып аткандар ар бир шайлоодо болот. Айрымдары туура эмес толтуруп алышат. Кайра оңдошот. Баары эле бирдей билимдүү эмес да. Эң негизгиси, бюллетендер так болсо болду.  Бул жерде болгону БШКнын катасы утулуп калган партиялардын чырагына май тамызып берди. Утулгандар өздөрү деле эң жакшы билишет санактар жакшы эле кетип жатканын. Билмексен болуп кыйкырып жатышат. Аларга жөн гана шылтоо керек.

Серверди түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле сайрап жатып калышты. Айрымдары элдин башын айлантып, өздөрү таблица чийип ала коюп сүйлөп чыгышты. “Мына, ушинтип уурдайт добуштарды”, — дешип. Кимде ким добуш уурдаган болсо, аны Кудай өзү жазаласын. Бирок, азыр техниканын заманы. Азыр добуш уурдай албайсың…

 

Добуштарды уурдоо тээ 1990-2000-жылдары болчу. Ал убакта бюллетендер кол менен саналчу. Бир талапкердикин экинчи бир талапкерге оодарып койсоң болот эле. Азыр сервер дароо чыгарып берип коет. Бул алдын ала жыйынтык. Андан кийин бир жуманын ичинде кол менен санап чыгасың. Мына ошоп мыйзамдуу жана так жыйынтык. Сервер берген жыйынтык менен кол менен санагандын ортосунда анча-мынча эле айырма болот. Анткени урна санап атканда квадраттан чыгып кеткен «птичканы» жараксыз катары санап койгон учурлар болот. Ошол үчүн жергиликтүү комиссия өкүлдөрү “квадраттан чыгарбай койгула деп эскертип турушат эмеспи. Кол менен санап жатканда андай бюллетендерди комиссия байкоочулар менен бирге жарактуу деп чечим чыгарса, ал бюллетен жарактуу болуп саналат. Ошондуктан ошоп бюллетендер кошулса ошол партия же талапкердин добушу көбөйөт. Азайбайт. Ал эми “серверге кирип жасайт, добуш уурдайт” деген бул түшкө кирбеген нерсе. Урна менен сервердин аянтына кире албайсың. Сервер БШКга санактын сандарын гана чыгарып берип турат. БШК болгону аны өзүнүн сайтына жарыялап турат. Ошол БШКнын сайтынан бир санды эки жолу салып коюп ката кетирип алышкан. Бирок тез эле сервер чыгарып берип жаткан сандарга кайра коюлган. Бул маселе боюнча мен дароо баарын чогултуп, такташтырдык. Адистер “эч арам оюбуз жок эле ката кетирип алдык” дешти. Чындыгында эле ошондой болуп чыкты. Ошентсе да УКМК териштирүү кылып, суракка алышты. Балким сүйлөшүп алышып оппозиционерлер үчүн шылтоо жасап берип жатышкан жокпу (?) деген ой менен. Андай нерсе азырынча байкалбайт. Шайлоо бүтүп, жыйынтыгы чыксын, анан дагы териштиребиз. Күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин карайбыз.

 

Экинчи суроом Текебаев боюнча. “Бийлик заказ берип сабатты” деп айтып чыккандар болду. Чын эле сиздер сабаткан жоксуздарбы?

 

— Логика деген бар Аслан иним. БШКдагы ызы-чуу басылбай жатса, дагы бир көйгөйдүн мага эмне кереги бар эле? Андан сырткары бүткүл дүйнөлүк коомчулук ушул убакта биздин ар бир кыймыл аракетибизге байкоо салып турат. Анан ушундай иш жасап жапайычылыкка барыш үчүн эси жок адам болушуң керек. Кудай сактасын, ар бир ишти жети өлчөп, бир кескен адамдарданбыз. Андай кадамдарга барбайбыз.

Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыгышты. Көп өтпөй муштаган бала кармалды. Камакка алынды. Текебаевдин телефону кайтарылды. “Жөн гана Текебаевге жинибиз келип, “сен тажаттың” деп митингден кубалаганы келген элек” деп көрсөтмө берип жатышат. Биз башында окуя болор замат ойлодук эле. “Текебаев өзү атайын уюштуруп жаткан жокпу?” деп. Текебаев болсо “бийликтин заказы” деп чыкты. Бирок эки жактын тең тиешеси жок, жөн гана жек көрүүдөн улам “митингден кубалайбыз” деп келишкен тентектер болуп чыкты. Мындай жек көрүүлөр адамдар арасында бир эле Текебаевге эмес, баарыбызда бар. Ар кимибиздики ар башка санда. Кыргызстан демократиялык өлкөбүз.

 

Ким качан, кайсы жерге митинг өткөрсө укук берип койгонбуз. Бирок бул укугубузду мен бийликке келгенге чейин колдонгонго мүмкүнчүлүк берчү эмес. Эсиңиздердеби? Бакиев, Атамбаев менен Жээнбеков убагында “митинг өткөрөм” десең алдын ала мэрияга сөзсүз түрдө билдирүү берчүсүң. Уруксат алчусуң. Ошондо да аянтка же башка жерге эмес, Горький багына уруксат берип коюшчу. Азыр болсо билдирүүсү жок эле каалаган жериңе уюштура бересиң. Бирок негиздүү, тынч митингдер болсун. Эч кимдин бирөөнү митингден кубалаганга акысы жок.

 

— Чоң рахмат!

 

Маектешкен Асланбек Сартбаев

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>