Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Бишкек мэриясы автобустарды накталай эмес төлөмгө өткөрүүгө даярдык көрүүдө
16.06.2026 | 11:17

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортто жол кирени накталай эмес төлөө системасын киргизүүгө даярдыктар улантылып жатканын билдирди. Учурда жүргүнчүлөр жол кирени «Тулпар» картасы, банктык карталар жана QR-код аркылуу төлөй алышат.
Эске салсак, буга чейин Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 1-июлдан тарта коомдук транспорттордо накталай төлөм кабыл алынбай турганын билдирген.
Мэриянын маалыматында, накталай эмес эсептешүү жол коопсуздугун арттырууга багытталган жана айдоочулардын акча кабыл алууга алаксыбашына шарт түзөт.
«Тулпар» карталарын сатуу түйүндөрүнөн, терминалдардан жана мобилдик тиркемелер аркылуу сатып алууга жана толуктоого болот. Мэрия шаар тургундарын жана конокторун төлөмдүн накталай эмес ыкмаларын колдонууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек