«Биримдик кербени»: Оштун Ак-Буура суусу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатылды

11.06.2026 | 15:08
«Караван единства»: Воду Ак-Бууры из Оша отправили на Всемирные игры кочевников — Новости Кыргызстана
«Биримдик кербени»: Оштун Ак-Буура суусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатылды — Новости Кыргызстана
«Биримдик кербени»: Оштун Ак-Буура суусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатылды — иллюстрация
«Биримдик кербени»: Оштун Ак-Буура суусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатылды — контекст события
«Биримдик кербени»: Оштун Ак-Буура суусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатылды — фото 4
«Биримдик кербени»: Оштун Ак-Буура суусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатылды — фото 5
«Биримдик кербени»: Оштун Ак-Буура суусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатылды — фото 6
«Биримдик кербени»: Оштун Ак-Буура суусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатылды — фото 7
«Биримдик кербени»: Оштун Ак-Буура суусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатылды — фото 8
«Биримдик кербени»: Оштун Ак-Буура суусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына узатылды — фото 9

Бүгүн, 11-июнда, Ош шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын «Биримдик кербени» уланып, анын алкагында Ак-Буура дарыясынын суусун узатуу аземи өттү. Иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Мэриянын маалыматында, Ош шаарынын атынан бир баатыр жана он элчи тандалган. Шаардын баатыры катары улуттук күрөш боюнча спортчу Акжол Токтомушов аныкталган. Элчилердин курамына спорт, маданият, жаштар саясаты жана медиа тармагынын өкүлдөрү кирди.

Салтанат учурунда Акжол Токтомушов Ак-Буура дарыясынын башатынан алынган сууну көөкөргө куюп, элчилер менен бирге Бишкек шаарына жөнөп кетти. Бул суу 31-августта Бишкектеги жаңы стадиондо өтө турган оюндардын ачылыш аземинде тапшырылат.

Белгилей кетсек, 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өлкөнүн жети облусунан чогултулган суулар бир идишке куюлуп, кыргыз элинин ынтымагын жана биримдигин даңазалайт. Кечээ, 10-июнда, «Биримдик кербени» Баткен облусунда старт алган.

Scroll to Top