Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кыргызстанда медициналык китепчелер электрондук форматка өткөрүлөт
16.06.2026 | 18:11

2026-жылдын 1-сентябрынан тарта Кыргызстанда жарандардын медициналык китепчелери электрондук форматка өткөрүлөт. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы тартипке ылайык, милдеттүү медициналык кароонун алкагындагы лабораториялык жана функционалдык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары саламаттык сактоонун мамлекеттик санариптик системасы аркылуу гана жүргүзүлөт. Бардык маалыматтар электрондук формада түзүлүп, сакталат жана анын негизинде санариптик медициналык китепче таризделет.
Ошондой эле 1-сентябрга чейин берилген кагаз түрүндөгү медициналык корутундулар жана китепчелер алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу деп таанылат.