Кыргызстанда 27-29-авугстта аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызстанда 27-29-авугстта аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызстанда 27-29-авугстта күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, 27-августта күндүз жана 28-29-августтарда өлкө аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 27-августта күндүз жана 28-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде катуу жаан-чачын  жаашы күтүлөт.

28-29-августтарда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 13…18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде 0…-2° үшүк, күндүз 13…18° жана тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5°, күндүз 7…12°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз 1…6° болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

«Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>