Айыл чарба министрлиги «Кызыл-Кыя» көзөмөл-өткөрүү пунктунда импорттолгон жашылчалардагы нитраттарды көзөмөлдөөнү күчөттү

Мекеме жетекчиси КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматына алынып келинген азык-түлүктөрдүн химиялык көзөмөлүн күчөтүүнү, ал эми Өсүмдүктөрдүн карантини департаментине өлкөгө кооптуу зыянкечтердин киришине жол бербөө боюнча катаал чараларды көрүүнү тапшырды. Бүгүнкү күндө импорттун ар бир партиясы милдеттүү түрдө лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, ал эми бакча өсүмдүктөрү сатууга уруксат берилер алдында токсиндерге текшерилүүдө.
3-июнда өткөн текшерүү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана жарандардын ден соолугун коргоого багытталган. Сапатсыз азыктардын республиканын соода текчелерине түшүп калышын алдын алуу үчүн Айыл чарба министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин чек арадагы өткөрүү пункттарындагы биргелешкен иши күчөтүлөт.