Ысык-Көлдөгү селден бир адам каза болуп, экинчиси изделүүдө

Кечээ, 5-июнда, Ысык-Көл районунун Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда болгон селдин кесепетинен 18 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.
Нөшөрлүү жаандан улам тоо боору урап, сел суулары жана ылай жолду, эки эркек кишини жана эки автоунааны: «Mercedes Sprinter» жана «Ford Mondeo» басып калган. Учурда дагы бир жаран дайынсыз болуп, аны издөө иштери улантылууда.
ӨКМнын маалыматында, куткаруу жана издөө иштерине жалпы 291 адам тартылды. Анын ичинде министрликтен 149 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматтарынан 80 адам, Ички иштер министрлигинен 50 кызматкер жана тез жардам кызматынан 12 адис иштеп жатат. Ошондой эле 20 инженердик техника тартылган.
Селдин кесепетинен жабылган Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу 6-июнга караган түнү саат 00:52де эки тараптуу ачылды. Учурда сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүүдө.