Бишкекте Балдар майрамында адепсиз ыр жаңырган. Мэриянын бир нече кызматкери жазаланды

1-июнь күнү Бишкектин Ала-Тоо аянтында Балдарды коргоо күнүнө карата өткөн иш-чарада адепсиз мазмундагы ыр коюлган. Бул боюнча Бишкек шаарындагы мэриясында кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын натыйжасында бир катар кызматкерлер жазаланды.
Мэриянын маалыматында, мэрдин орун басары Виктория Мозгачевага катуу сөгүш жарыяланды. Маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешовага сөгүш берилип, ал эми анын орун басары Урмат Белекбаев кызматынан бошотулду.
Ошондой эле музыкалык топтом үчүн жооптуу педагогду кызматтан алуу тапшырмасы берилди. Ал эми аталган ырды койгон, Дельфий оюндарынын катышуучусу буга чейин алган бардык сыйлыктарынан ажыратылды. Ага карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөрү айтылды. Муну менен катар, музыкалык топтом үчүн жооптуу болгон педагогду да ээлеген кызматынан бошотуу тапшырмасы берилди.
Муниципалитеттен маалымдашкандай, аталган фактыга тиешеси бар башка аткаруучулар жана кызмат адамдары да аныкталып, тартиптик жоопкерчиликке тартылат.