Кыргызстанда «Альфа» тобунун жоокерлерин эскеришти

12.05.2026 | 20:42

12-майда Бишкек жана Ош шаарларында Кыргыз Республикасынын УКМКнын «Альфа» атайын багыттагы бөлүгүнүн кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлерин эскерүү иш-чаралары өттү. Иш-чараны «Альфа» тобунун ардагерлер ассоциациясы уюштурду.

Жеңиш аянтында атайын бөлүктүн ардагерлеринин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, досторунун жана чогуу кызмат өтөгөндөрдүн катышуусунда салттуу митинг-реквием болуп өттү. Катышуучулар курман болгондордун элесин бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерип, мемориалга гүл коюшту. Ушундай эле аза күтүү жөрөлгөлөрү өлкө боюнча «Альфанын» бардык аймактык бөлүмдөрүндө өттү.

Эскерүү иш-чараларын өткөрүү күнү аталган бөлүктүн алгачкы күжүрмөн жоготуусунун жылдыгына карата белгиленген. 2006-жылдын 12-майында Баткен облусунун Кадамжай районунун тоолорунда террордук топту жок кылуу боюнча атайын операция учурунда эки кызматкер баатырларча курман болгон. Жалпысынан бөлүк түзүлгөндөн берки жылдар аралыгында күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда беш жоокер өз жанын берген:

  • Лейтенант Кыялбек Бакиров — 2006-жылдын 12-майында Кадамжай районунда курман болгон. Көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалы менен сыйланган.
  • Полковник Абдрашит Өскөналиев — 2006-жылдын 12-майында ушул эле операция учурунда курман болгон. Көзү өткөндөн кийин II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.
  • Лейтенант Гапар Маманов — 2009-жылдын 23-июнунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда курман болгон. Көзү өткөндөн кийин III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.
  • Лейтенант Жеңишбек Бабараимов — 2011-жылдын 5-январында Чүй облусунун Аламүдүн районунда курман болгон. Көзү өткөндөн кийин мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн.
  • Полковник Үсөнбек Ниязбеков — 2019-жылдын 7-августунда Чүй облусунун Кой-Таш айылында курман болгон. Көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Эскерүү күнүнүн алдында, 11-майда, Бишкектеги Фучик паркынын спорттук комплексинде дзюдо боюнча балдар жана өспүрүмдөр арасында «Ок тилкесинде» («На линии огня») аттуу турнир өттү.

Мелдешти атайын бөлүктүн ардагерлери уюштуруп, ага борбор калаанын спорттук мектептеринен жана ийримдеринен жаш спортчулар чогулду.

Ачылыш аземинде ардагерлер жана ардактуу меймандар иш-чаранын өзгөчө маанисин баса белгилешти: турнир спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу үчүн гана эмес, өсүп келе жаткан муундарды жоопкерчиликке, эр жүрөктүүлүккө жана аскердик милдетин аткарууда жанын бергендердин эрдигин терең урматтоого тарбиялоо максатында өткөрүлүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар муундардын уланмалуулугун сактоого жардам берет жана жаштардын өлкө тарыхы жана анын коргоочулары менен болгон байланышын бекемдейт.

Scroll to Top