Башкы прокуратура Ташиевдин ишин сотко өткөрүп берди

12.05.2026 | 22:54

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча айыптоо актысын бекитип, аны кароо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди. Бул тууралуу Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов социалдык тармактардагы баракчасында жазды.

Ташиевге эки берене боюнча: бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана адамдар тобу тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айып тагылган. Атайын кызматтын мурдагы жетекчисинен тышкары, бул иш боюнча дагы жети адам өтүүдө.

Соттук процесс жабык режимде өтөт: ишке жашыруун макам берилген (купуяланган), бардык соттук отурумдар коомчулук жана басма сөз өкүлдөрү үчүн жабык болот, ал эми тергөөнүн жана соттун материалдарын ачыкка чыгарууга мыйзам менен катуу тыюу салынган.

Scroll to Top