Бишкекте чоң аталарынын майдандан жазган каттарын окуп берген балдар сыйланды

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 2026-жылкы «Жеңиш каттары» (Письма Победы) республикалык сынак-акциясынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи салтанаттуу түрдө өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, университеттин өкүлдөрү, долбоордун уюштуруучулары, мугалимдер, ата-энелер жана сынактын катышуучулары катышты.
Сынак 2026-жылдын 10-апрелинен 9-майына чейин республиканын бардык аймагында өткөрүлдү. Катышуучулар — мектепке чейинки курактагы балдар, окуучулар жана студенттер — үй-бүлөлүк архивдерден же ачык булактардан алынган фронттук каттарды көркөм окуп, видеороликтерди тартып, социалдык тармактарга жарыялашкан. 2026-жылы сынактын географиясы кеңейип, ага биринчи жолу Ысык-Көл жана Баткен облустары кошулду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин ырдоо менен башталды. Андан соң экранда өткөн жылдардагы жеңүүчүлөрдүн видеороликтери көрсөтүлдү — балдар майдан каттарын, анын ичинде үйгө кайтуу үмүтү менен уулунун энесине жазган катын жана фашисттик кулчулукка түшкөн 15 жаштагы Катя Сусанинанын трагедиялуу катын окуп беришти. Бул эмгектер сынактын башкы идеясын — доордун жеке документтери аркылуу тарыхый эс-тутумду сактап калууну ачык көрсөтүп турду.
Катышуучуларга куттуктоо сөзү менен Жогорку Кеңештин беш чакырылышынын депутаты, Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын лидери Исхак Масалиев кайрылды. Ал Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргыз элинин жоготууларынын масштабын эске салып, мындай сынактын өткөрүлүшүнүн маанисин белгиледи.

«386 миң кыргызстандык фронтко кетип, 100 миңден ашыгы кайтпай калган. Ар бир кат — согуш бүтүп, баары жакшы болот деген үмүт эле. Бирок баары ойдогудай болгон жок, айрымдары ошол жакта калышты», — деди депутат.
Масалиев заманбап контексттеги тарыхый эс-тутум темасына өзүнчө токтолду.
«Бүгүнкү күндө талаш-тартыштар жүрүп, кимдир бирөөлөр Экинчи дүйнөлүк жана Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын кайра жазгысы келет. Бул акмактык жана туура эмес нерсе. Фашисттик Германияны талкалоодогу Советтер Союзунун катышуусун такыр эле оозго албай калган абалга жетишти. Бирок бул акылга сыйбаган нерсе (абсолюттук нонсенс). Бул согушта СССРдин 28 миллион жараны курман болгон», — деп баса белгиледи ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков куттуктоо сөз сүйлөп, сынактын катышуучуларына ыраазычылык каттарды тапшырды. Ал жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Аземдин жүрүшүндө экрандан «Жеңиш монументтери» долбоорунун жетекчиси Илья Левитандын видео кайрылуусу көрсөтүлдү. Ал кыргызстандыктарды Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктап, сынакка катышуу — согуштун тарыхый чындыгын бурмалоо аракеттерине каршы жигердүү күрөш болуп саналарын белгиледи.
КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк университетте «Эс-тутум аймагынын» (Территория памяти) ачылышы тууралуу айтып берип, жаштарды үй-бүлө тарыхы боюнча өздөрүнүн «алтын эс-тутум фондун» түзүүгө чакырды.

«Тамырды жоготуудан келип чыккан “жан дүйнө рагына” жол бербегиле», — деди ал.
Башкы байгелерди депутат Табылды Муратбеков тапшырды:
- 1-орун — Амиртай Эмильжанов, Аалы Токомбаев атындагы №24 мектептин 2-классынын окуучусу (Бишкек).
- 2-орун — Аймончок Кутбидинова, Шопоков шаарынан келген 10-класстын окуучусу.
- 3-орун — Адель Муратбекова жана Каныкей Матакунова, «Учкун» изилдөө отрядынын катышуучулары.
Жыйынтыктар жана келечек пландар
Долбоордун координатору, Шопоков шаардык кеңешинин депутаты Амантур Манапбаев жыйынтык чыгарып жатып, беш жылдын ичинде «Жеңиш каттары» сынагы бүтүндөй республика боюнча жаштарды, билим берүү мекемелерин, үй-бүлөлөрдү жана жарандык коомдун өкүлдөрүн бириктирген туруктуу гуманитардык кыймылга айланганын белгиледи. Ошол эле учурда, көптөгөн аймактар долбоорго бир нече жылдан бери катышып келсе, Ысык-Көл жана Баткен облустары акцияга 2025-жылдан тарта кошулуп, ошондон бери жигердүү катышууда.
Уюштуруучулар бул сынакта жеңилгендер жок экенин өзгөчө белгилешти.
«Ар бир катышуучу өзү эле жеңүүчү — анткени ал өз өлкөсүнүн жана үй-бүлөсүнүн тарыхына карай маанилүү кадам таштады. Анткени ал тынчтыктын баркын түшүнүүгө, өткөн менен келечектин алдындагы жоопкерчиликти сезүүгө аракет кылды», — деп айтылат катышуучуларга жолдонгон кайрылууда.
Сынак «Жеңиш каттары» долбоорунун демилгелүү тобунун, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун, «Жеңиш монументтери» долбоорунун жана Жусуп Абдрахманов атындагы КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын катышуусунда уюштурулду. Азем «Кыргызстандын мыкты үнү 2025» шоусунун жеңүүчүсү Анастасия Пандын ырдоосу жана катышуучулардын жалпы сүрөткө түшүүсү менен аяктады.