20-сентябрь: айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйтКыргызстандын реалдуу секторундагы ишканалардын кирешеси 1,7 эсеге өстүЖапонияда XX Азия оюндары башталуудаКыргызстандын ишканаларынын пайдасы 2025-жылы 42,8%га өсүп, 430,5 млрд сомду түздүЧаткалда 15 жаштагы өспүрүм ур-токмоктон каза болуп, төрт окуучу кармалдыГүлшан Конушева Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп дайындалды
Орусия: 17-кабаттан эки кыргызстандык кулап кетти
01.03.2022 | 09:45
Москва районунда 17 кабаттуу үйдөн кулап кеткен эки кыргызстандык аман калды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кыргызстандыктар үйдө достору менен эс алып жатышкан. Бир маалда алардын ортосунда жаңжал чыгып, 23 жаштагы кыз терезени ачып боюн таштоого аракет кылат, 26 жаштагы мырза өмүрүн сактап калам деп жатып, кыз менен кошо кулайт.
Бактыга жараша, канчалык бийик болгонуна карабастан жаштар аман калышты. Бирок, экөө тең оор абалда ооруканага жаткырылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар