Кыргызстандын реалдуу секторундагы ишканалардын кирешеси 1,7 эсеге өстү

Кыргыз Республикасынын экономикасынын реалдуу секторунун ишканалары 2025-жылы продукцияларды, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан 2 031,3 млрд сом киреше алышты — бул мурунку жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге, ал эми 2021-жылга караганда 3,2 эсеге көп. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитети билдирди.
Негизги өсүштү виртуалдык активдер менен болгон операцияларды кошкондо каржылык ортомчулук уюмдары (+339,5 млрд сом), металл жана металл буюмдарын өндүрүүчү ишканалар (+118,9 млрд сом), курулуш (+102,8 млрд сом), ошондой эле дүң жана чекене соода (+66,3 млрд сом) камсыздады.
Жалпы кирешенин көлөмүндө өнөр жай ишканаларынын үлүшү 43,5%ды же 884,0 млрд сомду түздү — бул негизинен металлдарды, тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн, кен байлыктарын казып алуунун жана энергетиканын эсебинен болду.
2025-жылы ишканалардын продукцияны өндүрүүгө жана сатууга жумшаган чыгымдары 1 673,4 млрд сомду түзүп, 1,7 эсеге өскөн. Операциялык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча реалдуу сектордун ишканалары 357,9 млрд сом пайда алышты — бул мурунку жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге, ал эми 2021-жылга караганда 3,2 эсеге көп. Ошол эле учурда операциялык эмес ишмердүүлүктөн келтирилген чыгашалар негизинен энергетика жана байланыш ишканаларынын эсебинен 5,5 эсеге көбөйүп, 32,5 млрд сомго жеткен.
Реалдуу сектордун сальдолоштурулган каржылык жыйынтыгы 325,4 млрд сом пайданы түзүп, 1,5 эсеге өстү. Эң көп пайданы металл өндүрүүчү ишканалар (119,1 млрд сом) жана соода уюмдары (100,6 млрд сом) алышты, ал эми энергетика ишканалары олуттуу чыгашага учурады (26,1 млрд сом).
Реалдуу сектордун ишканаларынын сатуу рентабелдүүлүгү 2025-жылы 16%ды, финансылык-чарбалык ишмердүүлүктүн рентабелдүүлүгү 19,4%ды түздү. Эң кирешелүү тармактар соода, байланыш, кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар, металл өндүрүү жана кен казуу болду.
Реалдуу сектордун ишканаларынын дебитордук карызы 2025-жылдын аягында 1 502,5 млрд сомго жетти — бул бир жылда 2,2 эсеге, ал эми беш жылда 6,7 эсеге өскөн дегенди билдирет. Бул карыздын 83%дан ашыгы Бишкек шаарынын ишканаларына туура келет. Жылдын аягына карата банк насыялары жана займдар боюнча карыз 1 098,2 млрд сомду түзүп, бир жыл ичинде 47,6%га көбөйгөн, бирок мөөнөтү өтүп кеткен карыз 7,6 млрд сомго же жалпы көлөмдүн 0,7%ына чейин төмөндөгөн.
Реалдуу сектордун ишканаларынын жыйынды активдери 4 169,6 млрд сомго жетип, беш жыл ичинде 3 эсеге өстү. 2025-жылы активдердин кирешелүүлүгү 9%ды түздү.