Кыргызстанда 1-октябрдан тарта онлайн нотариалдык кызматтардын тизмеси кеңейтилет

2026-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстандын Юстиция министрлиги «Электрондук нотариат» мобилдик тиркемеси аркылуу аралыктан алууга мүмкүн болгон нотариалдык кызматтардын тизмесин кеңейтет.
Нотариатты санариптештирүүнүн жаңы этабы кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, нотариалдык кеңселердеги кезектерди кыскартууга жана кагазсыз документ жүгүртүүгө өтүүгө багытталган.
1-октябрдан тарта тизме дагы сегиз кызмат менен толукталат. Кийинки этап 2026-жылдын 1-декабрына пландаштырылган — бул убакытка чейин Юстиция министрлиги дагы төрт кызматты киргизүүнү көздөп жатат.
Натыйжада, тиркеме аркылуу аралыктан нотариалдык кызматтардын 21 түрү жеткиликтүү болот, бул бардык нотариалдык аракеттердин үчтөн бирине чейинкисин онлайн жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Юстиция министрлигинен белгилешкендей, КР мыйзамдары кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга байланыштуу болбогон нотариалдык аракеттерди аралыктан тариздөөгө мүмкүндүк берет. Мунун аркасында жарандар үйдө, жумушта же чет өлкөдө жүрүп эле керектүү документтерди смартфон аркылуу ала алышат.
«Электрондук нотариат» аркылуу аралыктан төмөнкүлөрдү тариздөөгө болот:
— жашы жете электердин Кыргызстандан тышкары чыгуусуна ата-энесинин, асырап алуучулардын, камкорчулардын же көзөмөлдөөчүлөрдүн макулдугу;
— жашаган жери боюнча каттоого турууга макулдук;
— паспорт алууга макулдук;
— КР жарандыгын алууга жана андан чыгууга макулдук;
— Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен ээликтен ажыратуу укугусуз маалымкаттарды жана документтерди алууга ишеним кат;
— Мамлекеттик бажы кызматында жүктөрдү ээликтен ажыратуу укугусуз бажылык тариздөөгө ишеним кат;
— мамлекеттик органдарда өкүлчүлүк кылууга (кызыкчылыктарды коргоого) ишеним кат;
— юридикалык жакты каттоого ишеним кат;
— документтерди алууга ишеним кат;
— мураска байланыштуу ишеним кат;
— турак жай сатып алууга ишеним кат;
— тартууну (белекти) кабыл алууга ишеним кат;
— автоунаа сатып алууга ишеним кат;
— үй-бүлөлүк абалы тууралуу арыз;
— мураскорлордун пайдасына мурастан баш тартуу жөнүндө арыз.
Документтерди тариздөөнүн бүтүндөй процесси санариптик форматка өткөрүлдү. Колдонуучу мобилдик тиркеменин жеке кабинетине катталып, керектүү кызматты тандап, нотариуска кайрылышы керек.
Андан соң керектүү маалыматтар менен документтерди жүктөп, мамлекеттик алымды жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын онлайн төлөп, андан кийин Бирдиктүү идентификациялоо системасынын (БИС) жардамы менен электрондук документке кол коюу зарыл.
Нотариустун электрондук кол тамгасы коюлган даяр документ колдонуучунун жеке кабинетине түшөт. Ал толук юридикалык күчкө ээ болот жана зарыл болгон учурда аны кагазга басып чыгарып алууга болот.
Таризделген нотариалдык документтер «Түндүк» мамлекеттик мобилдик тиркемесинде да автоматтык түрдө көрсөтүлөт.
Юстиция министрлиги электрондук түрдө алынган документтер кагаз жүзүндөгү түп нускалар сыяктуу эле бирдей юридикалык күчкө ээ экенин баса белгиледи.