«Дордойдогу» өрт: 25 контейнер жабыркап, кылмыш иши козголду

Бишкектеги «Дордой» жаңы конушунда люстра сакталган кампада чыккан өрт фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу борбор калаанын ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 22-октябрда болжол менен саат 19:40та «102» кызматына «Дордой» конушундагы Дордой-6 жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан люстра сатуучу кампада өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу өрт Ибраимов көчөсү, 41К дарегиндеги кампа имараттарынын биринен башталганын аныктаган. Кампа буга чейин «Лампос» деген аталыш менен белгилүү болуп, «Свет Про» жана «Мир Люстр» соода контейнерлеринин ортосунда жайгашкан.
Алдын ала маалымат боюнча, өрт кампанын ичинде тутанып, андан соң люстралар жана башка жарыктандыруучу каражаттар сакталган чектеш контейнерлерге жайылган.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМ жалпы 45 кызматкерден турган жети өрт өчүрүү бөлүмүн тарткан. Өрт өчүрүү кызматынын алдын ала маалыматына караганда, тилсиз жоонун аянты болжол менен миң чарчы метрди түзгөн. Жалын 25 соода контейнерине зыян келтирген.
Кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган жок.
Коомдук тартипти камсыз кылуу жана мүмкүн болгон уурулуктар менен талап-тоноолордун алдын алуу үчүн өрт чыккан жерге Свердлов райондук ИИБнин 200 кызматкери тартылган.
Милиция кызматкерлери мүлктүн сакталышын камсыз кылуу жана окуя болгон аймакка бөтөн адамдарды киргизбөө үчүн тилкени кайтарууга алышкан. ШИИББнин маалыматы боюнча, коомдук тартипти бузуу фактылары катталган жок.
Учурда укук коргоо органдары өрттүн келип чыгышынын мүмкүн болгон эки себебин карап жатышат.
Биринчиси — ширетүү (сварка) иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу менен байланыштуу. Экинчи версия — электр зымдарынын туура эмес туташтырылышынан келип чыгышы мүмкүн болгон кыска туташуу.
ШИИББ эки версия тең алдын ала экенин баса белгилейт. Өрттүн так себеби тиешелүү экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин аныкталат.
Окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренесинин 2-бөлүгү (Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн алкагында соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалды. Адистер өрттүн келип чыгуу себебин жана анын чектеш соода жайларына жайылуу жагдайларын аныкташы керек.
Мындан тышкары, жабыркаган кампалардын жана контейнерлердин ээлерине келтирилген материалдык чыгымдын өлчөмү такталууда.
Свердлов райондук ИИБнин кызматкерлери окуя болгон жерди кайтарууну жана зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.