Кыргызстанда бензин 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда бензин 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн

Июнь айында өлкөдө бензин тобуна кирген күйүүчү-майлоочу майдын баасы литрине 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка караганда, мунай сатуучу компаниялар баанын өсүшүн ооздуктоо жана күтүүсүз өзгөрүүлөрдүн алдын алуу иштерин улантууда. Бирок, антсе да бензинге болгон баа өсүшү мүмкүн.

Ассоциация быйыл май айында Санкт-Петербургдун товардык биржасында бензиндин биржа баасы өзүнүн тарыхый максимумуна жетип, тоннасына 61 миң 700 рублдан ашык болгондугун белгилейт.

“Орусия бензиндин тартыштыгын жана ички рынокто баанын өстүрбөө үчүн аны экспорттоого убактылуу тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Буга байланыштуу Кыргызстандын жергиликтүү жеткирүүчүлөрү июнь айына карата ресурс менен камсыз кылууда кыйынчылыктарга дуушар болууда”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: баа бензин

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>