Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргызстанда бир айлык жашоо минимуму 7 миң 501 сомду түздү
24.04.2023 | 14:37
Быйыл биринчи кварталда (январь-февраль-март) өлкө боюнча жашоо минимуму орто эсеп менен 7 миң 501 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, жашоо минимуму эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдарга 8363 сом, пенсия курагындагыларга 6650 сом, балдар үчүн 6415 сом деп эсептелди.
Аймактар боюнча алганда бир адамдын айлык жан сактоо боюнча минималдык каражаты төмөнкүдөй:
– Баткен облусунда – 7 352 сом;
– Жалал -Абад облусу – 7 789 сом;
– Ысык-Көл облусу – 6 974 сом;
– Нарын облусу – 7 545 сом;
– Ош облусу – 6 994 сом;
– Талас облусу – 6 862 сом;
– Чүй облусу – 7 243 сом;
– Бишкек шаары – 7 650 сом;
– Ош шаары – 7 490 сом.
Эске салсак, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жашоо минимуму 7 миң 178 сомду түзгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом