Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барат

14.10.2026 | 10:35
Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барат — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 14-15-октябрь күндөрү Азербайжанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу менен Азиядагы Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышат.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери өз ара байланыш, санариптештирүү жана аймактык кызматташтык маселелерин талкуулашат. Саммиттин жыйынтыгында кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган документтер кабыл алынат.

Scroll to Top