Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
«Бул чындап эле деңгээл»: орусиялык блогер Таластын өзгөргөнүн жогору баалады
12.09.2026 | 17:57

Орусиялык тревел-блогер Степан Жаратман (Stepan Jaratman) Таластан видео жарыялап, Reporter.kg басылмасына акыркы бир айдын ичинде шаардын кандай өзгөргөнү тууралуу айтып берди.
Блогердин айтымында, ал Таласка экинчи жолу келген. Бир ай мурун Жаратман шаардын Эгемендик күнүн белгилөөгө даярдыгына жана объектилердин курулушуна күбө болгон.
«Чынын айтсам, мунун баарын бир айдын ичинде бүтүрүүгө болот деп күткөн эмесмин. Азыр келсек — биз жөн гана таң калып, оозубуз ачылып калды», — деди ал.
Блогер ошондой эле «Манас Ордо» комплексине барып, шаарда пайда болгон жаңы объектилерге баа берген.
«Бүгүн "Манас Ордодо" болдук, бул жакта мына "Баластан", сахнанын өзү, аянт — кыскасы, бул чындап эле деңгээл, аябай жогорку деңгээл. Талас, мен сиздерди куттуктайм. Бүтүндөй Кыргызстанды Эгемендик күнү менен куттуктайм», — деп белгиледи Жаратман.
Ал Таласка байма-бай келип турууну пландап жатканын кошумчалады.
«Таласты аябай жакшы көрөм, ал менин жүрөгүмдө. Биз бул жакка экинчи жолу келдик, эми туруктуу келип турабыз. Алга, Кыргызстан! Алга, Талас!» — деди блогер.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом