Кыргызстанда бир катар банктар «Золотая Корона» системасынын ишин убактылуу токтотту

Кыргызстанда бир катар банктар «Золотая Корона» системасынын ишин убактылуу токтотту

Кээ бир коммерциялык банктар «Золотая Корона» системасынын ишин убактылуу токтотконун жарыялашты. Бул тууралуу каржы-кредиттик уюмдардын сайттарында айтылат.

«Оптима Банк» «Золотая Корона» акча которуу системасын убактылуу токтотконун билдирди. Ошол эле учурда Western Union, Contact, Moneygram системалары штаттык режимде иштеп жатат.

РСК Банкта «Золотая Корона» ишинин токтоп калышын техникалык иштер менен түшүндүрүштү.

KICB өз кардарларына бир нече акча которуу системаларынын «Золота Корона», «Контакт», «Юнистрим», «Вестерн Юнион» убактылуу токтотулгандыгы тууралуу маалымат берди.

«Компаньон Банкында» «Золотая Корона» системасы иштейт, бирок эскертүүлөр менен. Орусиядан «Золотая Корона» системасы аркылуу доллар жана евро менен которуу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, бардык багыттар боюнча которуулар (Россия Федерациясы жана башка өлкөлөр) «Золотая Корона» системасынын алкагында конвертациялоо менен рублда гана же банктын курсу боюнча сомго конвертациялоо менен жүргүзүлөт. Жөнөтүүчү жана кабыл алуучу валюталар башка болсо, которууларды жөнөтүү мүмкүн эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>