Бишкекте Asman Airlines авиакомпаниясында иштөөнү каалагандар үчүн Open Day өтөт

Asman Airlines авиакомпаниясы Кыргызстанда алгачкы жолу Open Day — борт коштоочу жана жер үстүндөгү кызматтардын кызматкери кызмат орундарына талапкерлерди тандоонун ачык күнүн өткөрөт. Иш-чара Бишкек шаарында 2026-жылдын 2-октябрында саат 09:00дөн 18:00гө чейин өтөт. Бул тууралуу авиакомпаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Asman Airlines жаңы кызматкерлерди кабыл алуу авиакомпаниянын өнүгүшү жана анын аба флотунун кеңейиши менен байланыштуу экенин белгиледи. Ачык тандоо күнү жарандык авиацияда эмгек жолун баштоону же бул тармакта кесиптик жактан өсүүнү каалагандар үчүн уюштурулууда.
Open Day иш-чарасынын алкагында талапкерлер тандоонун бардык негизги баскычтарынан бир күндүн ичинде өтө алышат. Программа катышуучуларды каттоону, тестирлөөнү, практикалык тапшырмаларды аткарууну жана авиакомпаниянын комиссиясы менен маектешүүнү камтыйт.
Иш-чарага катышуу үчүн алдын ала каттоодон өтүү зарыл.
Талапкерлер career.asman.app сайтына кирип, өзү жөнүндө маалыматтарды толтуруп, билдирме калтырышы керек. Ошондой эле каттоодон авиакомпаниянын Instagram'дагы расмий баракчасынын баш жагында (шапкасында) жайгаштырылган шилтеме аркылуу өтүүгө болот.
Билдирме каралып чыккандан кийин, Asman Airlines өкүлдөрү талапкер менен байланышып, кийинки аракеттер тууралуу маалымдашат.
Авиакомпания борт коштоочу же жер үстүндөгү кызматтардын кызматкери болуп иштөөгө кызыкдар болгон жана улуттук авиакомпаниянын командасынын бир бөлүгү болууну каалагандардын баарын тандоого катышууга чакырат.
Бош жумуш орундары, катышуу шарттары жана Open Day иш-чарасынын өткөрүлүшү тууралуу толук маалымат авиакомпаниянын Instagram’дагы расмий баракчасында жеткиликтүү — @asmanair.kg.