Шайлоого барбасаң — бир күндүк айлык жок. Маматалиев жаңы тартипти түшүндүрдү

2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого катышпаган жарандарга ошол күн үчүн эмгек акы эсептелбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин жыйынында билдирди.
Жогорку Кеңеш бүгүн Кыргызстандын президентин кезектеги шайлоону 2027-жылдын 27-январына дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды. Добуш берүү шаршемби күнү өтөт.
Маматалиевдин айтымында, шайлоону атайын иш күнүнө белгилөө чечими жарандардын шайлоого катышуусун жогорулатуу максатында кабыл алынган.
«Биз атайын шаршемби күнүн койдук. Анткени бул иш күнү болсун, шайлоочулардын катышуусун көбөйтөлү, эл шайлоого келсин дедик. Эл канчалык көп келсе, ар кандай коррупциялык схемаларга ошончолук бөгөт коюлат», — деди ал.
Спикердин айтымында, шайлоо участогуна келип, добуш берүүгө катышкан жарандардын ошол күнкү эмгек акысы сакталат. Ал эми шайлоого катышпагандарга, Маматалиевдин айтымында, ошол күн үчүн айлык эсептелбейт.
Ал добуш берүүдөн кийинки күнү шайлоого катышкандардын тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясынан алууга болорун кошумчалады.
Маматалиев ошондой эле ошол күн үчүн эмгек акынын эсептелбей калышы келечекте пенсия жана социалдык төлөмдөрдү эсептөөдө да эске алынышы мүмкүн экенин билдирди.
Ошол эле учурда мыйзамдагы норма бир аз башкача жазылган: добуш берүү күнү эс алуу күнү болуп саналат, ал эми шайлоого катышканын ырастаган кызматкердин орточо бир күндүк эмгек акысы сакталат. Маматалиевдин билдирүүсү бул норма иш жүзүндө кандай колдонуларын түшүндүрөт.
Жогорку Кеңеш 24-сентябрда президенттик кезектеги шайлоону 2027-жылдын 27-январында өткөрүү жөнүндө токтомду кабыл алды.