УКМК Ооганстандан өлкөгө баңгизат ташып, сатууга шектелген топ кармалганын билдирдиЖКда Сурабалдиеванын коопсуздугуна тынчсызданып, мамлекеттик күзөт берүү сунушталдыКР спортчулары эстетикалык топтук гимнастика боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагыныштыКыргызстанда 677 миң гектардан ашык жерге жаздык айыл чарба өсүмдүктөрү эгилдиАт-Башыда 7 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыБиринчи гол жана жеңилүү — Өзбекстан Дүйнө чемпионатында дебют жасады
Өлкөдө былтыр жумушсуздардын саны 1,8%га кыскарды
06.01.2023 | 18:51
Былтыр, 2022-жылдын 1-декабрына карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 101,5 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.
Бул сан 2021-жылдын 1-декабрына салыштырмалуу 1,8% аз. Маалыматка ылайык, 76,4 миң адам жумушсуз деп катталган, же 2,9%га аз.
“Каттоодо турган жана жумушсуз деп катталгандардын ортосундагы айырма сунушталган жумуштан эки жолу баш тарткан, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде келбеген адамдар”,-деп айтылат маалыматта.
Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,5%ын аялдар түздү. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,9%ды түздү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом