Бишкектин дагы үч поликлиникасы мэриядан автоунаа алды

Бишкектин дагы үч поликлиникасы мэриядан автоунаа алды

Бишкек шаарындагы дагы үч поликлиника амбулатордук кызмат көрсөтүү үчүн автоунааларды алышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалар № 6, 7 жана 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна тапшырылып, мэр Абдыкадыр Эмилбековдун тапшырмасы менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган.

Мындан беш ай мурун шаар мэриясы №1, 2, 3, 4, 5, 9, 10 үй-бүлөлүк медицина борборлору үчүн жети унаа сатып алган.

“Көчмө амбулаториялык кызмат иштеген 5 айдын ичинде 3 миң 450 бейтапка кызмат көрсөтүлсө, анын 1128и балдар, 672си жаңы төрөлгөн ымыркайлар, 1195и денсоолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер болгон”,- деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, үй шартында сапаттуу медициналык кызматка муктаж болгон бардык бейтаптар амбулатордук медициналык жардамдын алуучулары боло алышат. Амбулатордук кызматтар акысыз көрсөтүлөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>