Кыргызстанда чыгарылган. ИИМге 100 кызматтык унаа тапшырылды

Кыргызстанда чыгарылган. ИИМге 100 кызматтык унаа тапшырылды

Ички иштер министрлигине 100 жаңы кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Бул иш-чарага өкмөт башчы Акылбек Жапаров, ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басарлары жана ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, окуу жайларынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн башчылары катышты. Аталган унаалар ИИМдин 100 жылдыгына карата тапшырылган.

Иш-чарада Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, бул унаалардын өзгөчөлүктөрү тууралуу кеп кылган.

«Бул унааларга атайын GPS сигналдары орнотулган жана унаалар качан, кайсы жерде жүргөндүгү, керек болсо канча күйүүчү май сарптаганына чейин көзөмөлгө алууга ыңгайлашкан. Унааларды, өлкөбүздөгү маанилүү жана өзгөчө маанилүү объектилерди кайтарууга алган Күзөт кызматына, эл менен түздөн-түз иштеген жер-жердеги аймактык тескөөчүлөргө, ыкчам кызматтарга жана коомчулукка сервистик тейлөө көрсөткөн айылдык-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө берип жатабыз», — деди Жапаров.

Анын айтымында, аталган унааларды министрлик өз каражатына сатып алган.

«Аталган 100 унааны Ички иштер министрлиги өзү сатып алгандыгын белгилей кетмекчимин. Ички иштер министрлигиндеги Күзөт кызматы республика боюнча 4 миңге жакын маанилүү жана өтө маанилүү объектилерди кайтарууга алып, алар менен келишимдин негизинде иш алып барып, андан түшкөн каражаттарга ушундай жаңы унаалар алынды.

Ал эми, сатылып алынган автоунаалардын баары өзүбүздүн заводдон чыккан. Бир күндө 100 унаа алуу деген мындай сүймөнчүктүү учур милициянын тарыхында биринчи жолу болуп жатат», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: 100 унаа ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>