«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Казакстандан келген 8,6 тонна калемпир өлкөгө киргизилбей, артка кайтарылды
09.06.2026 | 16:48

Казакстандан келген 8,6 тонна калемпир өлкөгө киргизилбей, артка кайтарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Бүгүн, 9-июнда, «Ак-Жол» өткөрүү постунда Казакстандан келген 8 миң 600 килограмм калемпир текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында жүктүн фитосанитардык сертификаты жараксыз деп табылган. Андагы маалыматтар транспорттук коштоочу документтердеги жазууларга дал келген эмес.
Евразия экономикалык бирлигинин фитосанитардык көзөмөл боюнча жобосуна ылайык, аталган жүк Казакстанга кайра кайтарылган.
Теги: Айыл чарба министрлиги, Казакстан