Бишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуЖогорку Кеңештин төрагасы Бишкекте өтө турган тоо саммитине япон делегациясын чакырдыAsman Airlines жана «Кыргызстан аэропорттору» Routes World форумунда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү24-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан жана кар жаашы күтүлөтНарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып берди
Кыргызстанда дизель майынын баасы өсүүдө
11.07.2022 | 22:47
Кыргызстанда июль айында дизель майынын кымбатташы байкалууда. Кыргызстандын айрым аймактарында күйүүчү майдын баасы литрине 70 сомдон ашат. Маалымат Улуттук статистикалык комитеттин сайтында жарыяланды.
Баанын көтөрүлүшү июнь айында башталып, июль айынын алгачкы күндөрүндө күчөгөн. Июнь айында дизель майынын орточо баасы 64,64 сомду түзсө, 8-июлга карата анын баасы 66,58 сомго көтөрүлгөн. Эң кымбат дизель майы Нарында жана Исфанада 70,80 жана 70,64 сом болот.
Ошол эле учурда бензиндин баасы туруктуу бойдон калууда. Июнь айында АИ-95тин литри республика боюнча орточо эсеп менен 65,82 сомго, АИ-92 61,83 сомго бааланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика