Шри-Ланка: Оппозиция убактылуу өкмөт түзүүгө киришти

Шри-Ланка: Оппозиция убактылуу өкмөт түзүүгө киришти

Шри-Ланканын оппозициялык партиялары демонстранттар өлкөнүн президентинин жана премьер-министринин резиденцияларын басып алгандан кийин убактылуу “биримдик өкмөтүн” түзүүгө макул болушту.

Жекшемби күнү кечинде түрдүү саясий кыймылдардын лидерлери сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Буга чейин Готабая Раджапакса мамлекет башчылыгынан кетээрин убада кылган. Бирок демонстранттар президент менен премьер-министрдин кызматтан кетүү тууралуу расмий билдирүүсүн талап кылып, кымбат сарайлардан чыгуудан баш тартышууда.

Алар Шри-Ланкада экономикалык кризистин тутанышына себеп болгон чарбасыздык үчүн айыпталууда. Тургундар тамак-аш, күйүүчү май жана дары-дармектин жетишсиздигине дуушар болушкан.

«Акыркы жарым жылда адамдар тамак-ашка, бензинге кезекке турушкан. Эми аларда үмүт пайда болду», — дешет демонстранттар.

Түштүк Азиядагы бул арал мамлекетинде апрель айынын башынан бери өкмөткө каршы нааразылык акциялары басыла элек.

Тэги: Шри-Ланка

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>