ВИЧ жана гепатитке каршы борбордогу тыгылыш жана узун кезек — Саламаттык сактоо министрлигинин түшүндүрмөсү

Саламаттык сактоо министрлиги Гемоконтакттык вирустук гепатиттерди жана АИВди (ВИЧ) көзөмөлдөө боюнча республикалык борборундагы узун кезектер жана элдин топтолушу боюнча Reporter.kg басылмасына түшүндүрмө берди.
Ведомстводон билдиришкендей, акыркы убакта медициналык текшерүүдөн өтүп жаткан келүүчүлөрдүн, анын ичинде чет элдик жарандардын агымы кыйла көбөйгөн.
«Учурда борбор күнүнө 400–500гө жакын адамды кабыл алууда, алардын ичинен 300–350гө жакыны — чет элдиктер. Ошол эле учурда аянты 33,8 чарчы метр болгон лаборатория күнүнө болжол менен 200–250 гана изилдөөгө эсептелген, мындан улам азыркы агымда кошумча күч келүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлиги өзгөчө эртең менен адамдар талон алууга келгенде чоң кезектер жаралып жатканын белгиледи. Мында кийинки күндөргө күч келтирбөө үчүн кайрылгандардын бардыгын ошол эле күнү кабыл алып, кан тапшыртууга аракет кылышууда.
Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, көйгөйдү чечүү үчүн кошумча имараттарды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө тендер жарыяланды.
«Жалпы аянты 29,9 чарчы метр болгон үч жаңы кабинетти жана кошумча коридорду жабдуу пландалууда. Оңдоо иштери аяктагандан кийин борбор күнүнө 500–600гө чейин адамды кабыл ала алат. Имараттын кеңейтилиши кабыл алууну уюштурууну жакшыртууга жана кезектерди кыскартууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө», — деп кошумчалашты аталган мекемеден.
Ошондой эле борбордун жетекчилиги келүүчүлөрдү тартипти сактоого, тыгылыш жаратпоого жана кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырды.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Гемоконтакттык вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордогу узун кезек жана тыгылыш тартылган видео тараган. Кадрлардан негизинен чет элдик жарандардан турган адамдардын топтолуп турганын көрүүгө болот.