Кыргызстанда эл аралык издөөдө жүргөн 3 жаран кармалды

Кыргызстанда эл аралык издөөдө жүргөн 3 жаран кармалды

Кыргызстандын аймагында «Нелегал-Кордон» рейдинин жүрүшүндө мыйзамсыз миграцияга байланышкан укук бузуулар аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими менен бекитилген «Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жамааттык тутумду өнүктүрүү боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттердин иш-чаралар планына» ылайык Кыргызстандын аймагында ички иштер органдары тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп келет. Алсак, өлкө аймагында ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрү тарабынан 2022-жылдын 10-октябрынан 17-октябрына чейин «Нелегал-Кордон» комплекстүү ыкчам  издөө иш-чаралары  өткөрүлгөн.

Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча аймактык иш-чараларды өткөрүү планына ылайык, ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрү тарабынан Кыргызстандын миграциялык мыйзамынын чөйрөсү боюнча жалпысынан 296 укук бузуулар аныкталган;

— чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузуусу — 168;

— мыйзамсыз миграцияны уюштуруу – 12;

— Кыргызстандын аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуусу — 93, анда 77 юридикалык жактарга, 16 жаранга  карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн;

— чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргызстанда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузуусу — 19;

—  Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү уруксаты жок жана уруксатта көрсөтүлгөн шарттарды бузуу менен жүргүзүү — 3, анда 2 юридикалык жактарга, 1 жаранга укук бузуулар жөнундө протоколдор түзүлгөн;

— Кыргызстанда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 1 факты катталган;

— Кыргызстандын миграциялык мыйзамын бузуулары үчүн  жалпы суммасы  1 660 000 сомду түзгөн айып пул салынган.

Андан сырткары, бул операциянын жүрүшүндө башка укук бузуулар дагы аныкталган. Анын ичинде, 1 ок атуучу курал алынып, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча фактылар жана баңгикылмышы аныкталып,  мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 кг 40 грамм «марихуана»  алынган. Эл аралык издөөдө жүргөн 3 жаран кармалган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: ИИМ рейд

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>