Транспорт, ГЭС жана коопсуздук: Кыргызстан менен Кытайдын лидерлери эмне тууралуу сүйлөшөт«Биздин башка Мекенибиз жок»: Жапаров кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады31-август: Кыргызстанда абанын температурасы +37 градуска жетип, айрым жерлерде жаан жаайтЖогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдеди
Кыргызстанда эми бир эле автоунааны эки кишиге каттатса болот. Адистин жообу
29.10.2019 | 10:33
Транспорттун катталгандыгы тууралуу жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бериле баштады. Эми бир эле автоунааны эки кишиге каттатса болот. Бул тууралуу «sputnik.kg» «Унаа» мамлекеттик мекемесинин өкүлү Урмат Асанкожоев билдиргенин жазды.
Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааны кантип эки кишиге каттатса болорун түшүндүрүп берди.
«Транспортту каттоодо «энчилеш ээси» деген графа эски күбөлүктөрдө болгон, ал эми жаңы күбөлүктө «энчилеш ээси» деген графа болбойт. Ошол себептен автоунааны эки кишиге каттатса болот. Кээде эки киши биргелешип машина сатып алган учур да болот. Анда бир ээси экинчисинин макулдугу жок автоунааны сата албайт. Эгер талаш жарала турган болсо сот аркылуу чечип алышат», — деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом