Жолдор, спорттук объектилер жана ипподром: Сокулукта кандай долбоорлор ишке ашырылууда

Сокулук айыл аймагында учурда авариялык абалда турган ипподромду кеңири масштабда реконструкциялоо пландалууда. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Рустам Иштыбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда долбоор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, керектүү документтер топтолууда. Келечектеги объектинин чиймелери жана эскиздери иштеп чыгылды.
«Биздин планда — ипподромду толугу менен реконструкциялоо жана бардык тиешелүү талаптарга жооп берген заманбап спорттук комплексти түзүү. Биз аны мыкты ипподромдордун бирине айлантууну, мелдештерди жана иш-чараларды өткөрүү үчүн татыктуу шарттарды түзүүнү, ошондой эле ага жанаша жайгашкан инфраструктураны жакшыртууну каалайбыз», — деп кошумчалады ал.
Дагы эмнелер жасалып жатат
Сокулук айыл аймагында бир эле учурда бир нече инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Алсак, Саз айылында спорттук залдын курулушу аяктап калды. Учурда объектиде акыркы жумуштар жүрүп жатат, андан кийин аны пайдаланууга берүү пландалууда. Спортзал балдардын жана айылдын башка тургундарынын машыгуусуна арналган.
Мындан тышкары, Сокулук айылындагы Ленин көчөсүндө футбол аянтчасынын курулушу башталды.
Иштыбаевдин айтымында, жол инфраструктурасына өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда Ысык-Көл, Чыгыш (Восточная), Ала-Арча жана Полярная көчөлөрүнө асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүүдө.
Келечекте жергиликтүү бийлик жол тармагын оңдоону улантууну көздөп жатат.
«Биздин негизги максатыбыз — жол инфраструктурасын этап-этабы менен тартипке келтирүү жана келечекте Сокулукту толугу менен асфальттоо, тургундар сапаттуу жана ыңгайлуу жолдорду колдоно алышы керек», — деп белгиледи айыл өкмөт башчысы.
Анын айтымында, спорттук объектилердин курулушу, жолдорду оңдоо жана ипподромду реконструкциялоо Сокулук айыл аймагын өнүктүрүүнүн комплекстүү планына кирет.