Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
КРдин Эл жазуучусу Калканбай Ашымбаев дүйнө салды
24.08.2026 | 10:06

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, белгилүү публицист жана журналист Калканбай Ашымбаев дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 25-августта саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Андан соң сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.
Калканбай Ашымбаев — кыргыз адабиятынын жана журналистикасынын өнүгүшүнө зор салым кошкон инсандардын бири. Ал СССРдин Журналисттер жана Жазуучулар союздарынын мүчөсү болгон. Көп жылдык чыгармачылыгында проза, публицистика жана фельетон жанрларында иштеп, Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген ишмер жана Эл агартуунун отличниги наамдарын алган.