Кыргызстанда фемицид үчүн өзүнчө берене киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, «Фемицид» деген өзүнчө беренени кошууну караган мыйзам долбоорун демилгеледи.
Мыйзам долбооруна ылайык, фемицид деп гендердик басмырлоо жүйөсү менен аялды өлтүрүүнү түшүнүү сунушталууда.
«Фемицид» термини феминизм же феминисттик кыймыл менен байланышы жок экени баса белгиленет. Демилгенин максаты — аялдарды өлтүрүүнү кылмыштын өзүнчө курамына бөлүп кароо жана мындай аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин күчөтүү.
Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, Кыргызстанда аялдарды өлтүрүү фактыларынын саны өсүүдө. Алсак, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2024-жылы адам өлтүрүү фактылары боюнча 155 кылмыш иши козголуп, анын 33үндө аялдар курман болгон. 2025-жылы мындай 158 кылмыш катталып, анын ичинен 37си аялдарга карата жасалган.
Мыйзам долбоорунун демилгечисинин пикиринде, аялдарды коргоонун учурдагы чаралары жетишерлик натыйжалуу болбой жатат. Маселен, коргоо ордерлери институту бар болгонуна карабастан, иш жүзүндө алар дайыма эле тийиштүү деңгээлде аткарылбайт.
Мыйзам долбоору менен төмөнкүлөр сунушталат:
- Кылмыш-жаза кодексин жаңы 122¹ «Фемицид» беренеси менен толуктоо;
- фемицид, ошондой эле кош бойлуу аялды өлтүрүү жана зордуктоо же сексуалдык зомбулуктун башка формалары менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн мүлкүн милдеттүү түрдө конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын белгилөө;
- мындай кылмыштар үчүн жазанын альтернативдик (башка) түрлөрүн дайындоо мүмкүнчүлүгүн алып салуу;
- аялды өлтүргөндүгү үчүн соттолгон адамдарга мунапыс (амнистия) колдонууга тыюу салуу.
Мындан тышкары, адам өлтүрүү боюнча колдонуудагы беренеден кош бойлуу аялды өлтүрүүгө жана зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүүгө тиешелүү жоболорду алып салып, аларды фемицид жөнүндөгү жаңы беренеге которуу сунушталууда.