Кыргызстандык соттук эксперттер синтетикалык баңгизаттарга каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөнүштү

04.07.2026 | 11:00
Кыргызстандык соттук эксперттер синтетикалык баңгизаттарга каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөнүштү — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын эксперттери Будапештте өткөн «Химиялык прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн иликтөө» аттуу эл аралык окутуу курсуна катышышты.

Соттук-эксперттик кызматтын басма сөз борбору тактагандай, бул курста Кыргызстандын атынан Материалдарды, заттарды жана буюмдарды криминалистикалык экспертизалоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Момункулов жана башкармалыктын жетектөөчү эксперти Дмитрий Пидгородецкий катышты.

Кыргызстандык соттук эксперттер синтетикалык баңгизаттарга каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөнүштү — иллюстрация
Окуунун жүрүшүндө катышуучулар көмүскө базарда жаңы психоактивдүү заттардын, анын ичинде фентанилдин жайылуусунун заманбап тенденциялары менен таанышышты. Ошондой эле химиялык прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүн иликтөөнүн эл аралык ыкмаларын жана алынып коюлган химиялык заттар менен иштөөдөгү коопсуздук чараларын үйрөнүштү.
Кыргызстандык соттук эксперттер синтетикалык баңгизаттарга каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөнүштү — контекст события

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө колдонулган заманбап аналитикалык жана маалыматтык-мониторингдик куралдарга өзгөчө көңүл бурулду.

Катышуучулар прекурсорлордун жана синтетикалык баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоо, талдоо жана алдын алуу үчүн арналган IONICS, GRIDS жана SNOOP сыяктуу эрте кабарлоочу эл аралык программалардын мүмкүнчүлүктөрүн окуп үйрөнүштү.
Кыргызстандык соттук эксперттер синтетикалык баңгизаттарга каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөнүштү — фото 4

Окуунун жыйынтыгы менен Кыргызстандын өкүлдөрү Укук коргоо органдарынын эл аралык академиясынын (ILEA) «Химиялык прекурсорлордун мыйзамсыз таралышын (утечкасын) иликтөө» курсунан өткөндүгү тууралуу сертификаттарын алышты.

Scroll to Top