Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалдыОш шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталды
Кыргызстанда «Почта Банкын» ишке киргизүүгө даярдык көрүлүүдө
04.07.2026 | 10:28

Кыргызстанда «Почта Банкын» түзүү долбоору макулдашуу этабынан жана зарыл болгон жөнгө салуучу процедуралардан өтүп жатат. Бул тууралуу «Кыргыз почтасы» ААКсынын башкы директору билдирди.
Анын айтымында, «Почта Банк» «Кыргыз почтасы» ААКсы менен өнөктөштүктө өзүнчө көз карандысыз банк катары түзүлүүдө. Өлкөнүн бардык аймагын камтыган кеңири агенттик тармагынын аркасында компания долбоордун негизги өнөктөшү болуп калат.
Банктын ишке кириши биринчи кезекте Кыргызстандын аймактарында калктын каржылык (финансылык) кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.
Черикчиев белгилегендей, «Почта Банкын» түзүү «Кыргыз почтасы» ААКсын өнүктүрүүнүн жаңы этабы болот жана калкка заманбап каржылык кызматтарды көрсөтүүдө компаниянын ролун күчөтөт.
Ошол эле учурда, анын айтымында, «Кыргыз почтасы» ААКсы өзүнүн социалдык функциясын, анын ичинде алыскы калктуу конуштардын тургундарына пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдү жеткирүүнү уланта берет.
Долбоордун негизги максаты — бүтүндөй өлкө боюнча калк үчүн каржылык жана банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом