Өлкөдө гомосексуалдарды коргоого канча акча жумшалары айтылды

Өлкөдө гомосексуалдарды коргоого канча акча жумшалары айтылды

Үч жылда Кыргызстанда гомосексуалисттерди коргоого 78 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу “Ата Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында депутат Жылдыз Садырбаеванын ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга бөлүнгөн гранттык каражаттар боюнча маалыматынан белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Глобалдык фонд үч жылда бир жолу Кыргызстанга ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн грант бөлүп турат. Гранттык каражаттардын бир бөлүгү гомосексуалдарды коргоого жумшалат. Депутаттын айтымында, 2024-жылы 29 млн доллар өлчөмүндө грант бөлүү пландалууда.

Республикалык СПИД борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов 884 миң доллардын 134ү эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер үчүн минималдуу пакетке жумшалат деп түшүндүрдү. Бул пакетте тестирлөө, презервативдерди таратуу, бул адамдар арасында маалымат берүү камтылган.

Айбек Бекболотовдун айтымында, Глобалдык фонд каражат бөлүүдөн мурда эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектер арасында профилактикалык иштерин жүргүзүүнү талап кылат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 16 миң 900 адам, ал эми ПРООНдун маалыматы боюнча 14 миң адам бар.

«Мисалы, жылына эркектер менен жыныстык катнашта болгон 1000 эркек адам аныкталса, алардын жүзгө жакыны ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандар. Бул 16 миң 900 адамдын 10%дан ашыгы ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандар”, — дейт СПИД борборунун жетекчисинин орун басары.

Өлкөдө эркек менен жыныстык катнашта болгон 17 миңдей эркек бар

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>