Өлкөдө эркек менен жыныстык катнашта болгон 17 миңдей эркек бар

Өлкөдө эркек менен жыныстык катнашта болгон 17 миңдей эркек бар

Бүгүн, 28-апрелдеги Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек оорусу менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга бөлүнгөн гранттык каражаттар жөнүндө маалымат угулду.

Жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев “Эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектер үчүн алдын алуу пакети дегенди конкреттүү түшүндүрүп бериңизчи. Алар менен кандай иштер жүрүп жатат?” деп Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн сурады.

Эл өкүлүнүн айтымында, алдын алуу иш-чараларына 884 миң 134 доллар каралган, бул 78 миллион сомду түзөт. «Бул акча эмне үчүн? Аларды көбөйтүү үчүнбү? Аларга шарт түзүп жатышабы? деп суроо салды депутат.

Республикалык СПИД борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов (Өлкө боюнча комитеттин орун басары) Глобалдык фонд каражат бөлүүдөн мурун өзүнүн талаптарында каражаттын 50% аялуу топторго багытталышы керек экенин, ошондой эле эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектердин арасында алдын алуу иштерин жүргүзүүнү талап кылаарын айтты. Минималдуу пакетке тестирлөө жүргүзүү, презервативдерди таратуу, маалымат берүү кирет.

Депутат “Мындай адамдардан бизде канчоо бар?”, — деп тактады.

Бекболотов билдиргендей, алдын ала маалыматтар боюнча, өлкөдө 16 миң 900 адам бар. Алар бейөкмөт уюмдар аркылуу ушунча адам үчүн профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшөт.

«Түшүнбөй калдым, аларга шарт түзүп берип жатасыңбы? СПИД менен күрөшүп жатканыңыз жакшы. Бирок 884 миң доллар чоң сумма», — деди депутат Мейкинбек Абдалиев.

Айбек Бекболотов 16900 адамдын ичинен 1 миңге жакын адам ВИЧ-СПИД оорусуна кабылганын белгиледи. Ал эми депутат алардын тизмесин жарыялоону өтүндү.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>