Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
QazETA азырынча КР жарандары үчүн милдеттүү эмес — Казакстанга кирүү боюнча ТИМдин түшүндүрмөсү
15.09.2026 | 11:42

Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагына кирүү жана анда болуу тартиби өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу чек арадан өтүүнүн жаңы эрежелери жөнүндө тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мекемеден такташкандай, QazETA системасы учурда пилоттук режимде иштеп жатат. Азыркы этапта аны колдонуу Кыргызстандын жарандары үчүн милдеттүү болуп саналбайт.
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагына кирүү жана анда болуу тартиби өзгөрүүсүз калат», — деп баса белгилешти ТИМден.
Миграциялык эрежелер өзгөргөн жана казак тараптан расмий маалымат келип түшкөн учурда, тышкы саясий мекеме жарандарга кошумча маалымат берерин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом