Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Кыргызстанда кой эти арзандап, уй менен жылкынын эти кымбаттады
28.11.2022 | 16:49
Кыргызстанда 1-ноябрдан 25-ноябрга чейин кой эти арзандаса, уй жана жылкы этинин баасы бир аз кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, кой эти 0,4%га, 531,17 сомдон 528,80 сомго чейин арзандаган. Ал эми уй этинин өздүк наркы 0,03%га, жылкынын эти 0,1%га кымбаттаган.
Белгилей кетсек, кой этинин арзандашы Талас облусундагы Покровка айылында 10 сомго, Бишкек шаарында 4,56 сомго жана Ош шаарында 3,79 сомго арзандаганына байланыштуу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика