Екатеринбургга Эл аралык жаштар фестивалына 200гө жакын кыргызстандык келди

12.09.2026 | 12:12
Екатеринбургга Эл аралык жаштар фестивалына 200гө жакын кыргызстандык келди — Новости Кыргызстана

Эл аралык жаштар фестивалына катышуу үчүн Екатеринбург шаарына 200гө жакын кыргызстандык келди. Делегациянын курамына тандоодон өткөн жана ар кайсы тармактарда өздөрүн көрсөтө алган активисттер, спортчулар, бийчилер жана башка жаштар кирди.

Аэропорттон Кыргызстандан барган катышуучуларды орус элдик ырлары жана гүлдөр менен тосуп алышты, ошондой эле ар бирине кыргыз тилинде жеке чакыруу даярдалган.

Тосуп алуучулар Кыргызстан менен Орусиянын достугуна арналган, колго тартылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Жалпысынан Эл аралык жаштар фестивалы 10 миңге жакын катышуучунун башын бириктирди.

Кыргызстандык делегациянын фестивалга катышуусуна Reporter.kg басылмасынын атайын кабарчысы көз салууда. Кыргызстандыктар конокторду эмнеси менен таң калтырат жана өлкөнү кандайча таанытат, бул тууралуу кийинки макалаларыбыздан окуңуздар.

Scroll to Top