Кыргызстан өзүн жашылча, картошка жана сүт менен толук камсыздайт

Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында өткөн Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңештин жыйынында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы тамак-аш азыктары менен камсыздоо көрсөткүчтөрү сунушталды. Ата мекендик өндүрүш өлкөнүн керектөөсүнөн жашылча жана бакча өсүмдүктөрү боюнча (247,2%), картошка (198,9%) жана сүт азыктары боюнча (124,1%) ашып түшүүдө.
Башка категориялар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
• эт — 82,1%;
• жумуртка — 79,8%;
• нан жана дан азыктары — 77,4%;
• кумшекер — 72,6%;
• өсүмдүк майы — 53,6%;
• мөмө-жемиштер — 15,6%.
Импорттун үлүшүн азайтуу үчүн министрлик буудай жана май алынуучу өсүмдүктөрдүн себүү аянттарын кеңейтүүнү, мөмөлүү бактардын жана сугат жерлердин көлөмүн көбөйтүүнү пландаштырууда. Ведомствонун максаты — 2030-жылга карата өлкөнү негизги тамак-аш азыктары менен камсыздоо деңгээлин 100%га жеткирүү болуп саналат.