Кыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодоТокмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалдыКР Министрлер кабинети алюминий сыныктарын, анын ичинде ЕАЭБге чыгарууга тыюу салууну сунуштоодоБишкек мэри Жапаровдон эмне үчүн тил укканы жана президент менен туугандыгы тууралуу имиштер боюнча жооп бердиЭр-Рияддагы аэропортко экинчи жолу чабуул жасалды. Кыргызстандын ТИМи соккуларды айыптады
Ош шаарында Жолон Мамытов атындагы жаңы сейил бак ачылды
14.09.2026 | 09:45
Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда Жолон Мамытов атындагы жаңы сейил бак пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Аталган жайдын ачылыш аземине калаа мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исраилов, шаардык кеңештин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышкан. Иш-чарада эстелик тактасы орнотулуп, сейил бактын жарыктандыруу тутуму ишке киргизилген.
Сейил бак Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулган. Аймакка отургучтар, жарыктандыруу тутумдары, балдар аянтчасы, воркаут зонасы жана акындын ыр саптары камтылган инсталляция коюлган.
Мэрия бул акыркы алты айдын ичинде шаарда пайдаланууга берилген отузунчу сейил бак экенин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом




