Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын ата-энелерин жана камкорчуларын сотко кайрылганда төлөнүүчү мамлекеттик алымдан бошотуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова даярдап, ал коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын башына карата өлкөдө майыптыгы бар 36 миң 441 бала болгон. Алардын ата-энелери балдарына жеңилдик, жөлөкпул алуу, укугун коргоо үчүн сотко кайрылыш керек болгон учурлар көп кездешет. Бирок майып балдары бар ата-энелер медициналык кызмат, реабилитация, атайын билим берүү жана башка муктаждыктарына бир топ каражат жумшагандыктан, сотко кайрылганда төлөнүүчү мамлекеттик алым алар үчүн кошумча оордук жаратып, сотко кайрылууда тоскоолук болуп калышы мүмкүн. Себеби мамлекеттик алымды төлөп сотко кайрылуу же баласына керектүү нерсени алып берүү деген тандоо туруп калат. Ошондуктан көпчүлүк ата-эне сотко кайрылбай коет.
Ага байланыштуу депутат майыптыгы бар балдардын ата-энелерин жана камкорчуларын сотко кайрылганда төлөнүүчү мамлекеттик алымдан бошотууну сунуштоодо.
Депутат башка бир катар мамлекеттерде майып балдары бар ата-энелер айрым салыктардан, мамлекеттик алымдан бошотулганын, жеңилдиктер берилгенин белгилейт.