Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Кыргызстанда мыйзамсыз катталган миң унаа аныкталды
01.02.2024 | 14:20
“Унаа” ишканасы Орусия, Белорусия, Армения, Казакстандан мыйзамсыз алынып келинген 15 миң 448 транспортту каттоого алган. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, унааларга бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес. Андан сырткары, алар өлкөгө жасалма номур менен алып келинген.
ЕАЭБ мамлекеттери 15 миң транспорттун 1 миңи аларда каттоодон өтпөгөнүн ырастады. Калганы боюнча өнөктөш өлкөлөрдөн маалымат күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Коррупциялык схема уюштурган «Унаа» мамлекеттик мекемесинин 4 кызматкери кармалган. Алар Кореядан келген 600дөн ашык автоунаа каражаттарын каттоого алышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом