ӨКМдин мурдагы башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуш үчүн кармалдыКыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» бренди түзүлүүдө. Азыр ал кайсы этапта?Эми кыргызстандыктар Түштүк Кореяга EPS системасы аркылуу ишке орношо алышатБаткенде 36-эл аралык «Өрүкзар» поэзия фестивалы башталдыКасымалиев кызматын аткарып жатып каза болгон куткаруучунун үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырдыОкуучулардын медициналык маалым каттары санариптешти: ата-энелер эмнени билиши керек
Кыргызстанда октябрдан тарта пенсия 38%га жогорулайт
13.09.2023 | 19:47
Садыр Жапаров 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Документке ылайык, 30 миң сомго чейинки пенсиянын индексациялоо коэффициенти 1,38 өлчөмүндө белгиленди. Тактап айтканда, 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38 пайызды түзөт. Ошондо 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт.
Мындай пенсиянын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9 354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орточо 1 692 сомго көп.
Жогорулатуунун так суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот.
Пенсия республикалык бюджеттен эмес, Социалдык фонддун каражатынын эсебинен жогорулатылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика