Райондук кеңештерди жоюу сунушу биринчи окууда колдоо тапты

Райондук кеңештерди жоюу сунушу биринчи окууда колдоо тапты

Бүгүн, 13-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, мыйзам долбоору депутаттар Максатбек Сарбагышев жана Бактыбек Чойбеков тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат М.Сарбагышев белгилегендей, өзгөртүүлөр Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынан райондук кеңештер жөнүндө ченемди жоюу максатында иштелип чыкты.

Эл өкүлү кошумчалагандай, түзөтүүлөр Кыргызстандын Администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн жана региондорун өнүктүрүүнүн бирдиктүү концепциясынын алкагында сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов келечекте райондук кеңештерди калыбына келтирүү зарылчылыгы кайрадан пайда болушу мүмкүн экенин жүйө келтирип, мыйзам долбоордун нормаларын деталдуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Мейкинбек Абдалиев калктуу конуштарга шаар статусун берүү критерийлерин тактап, Ноокен районунун Масы айыл өкмөтү бул талаптарга жооп берерин айтты.

Өз кезегинде депутат Камила Талиева децентрализация жана айыл өкмөттөрдүн ыйгарым укуктарын күчөтүү саясаты тууралуу сөз кылып, мыйзам долбоорун колдоду. Ал ошондой эле административдик-аймактык реформа алдын ала жүргүзүлгөн кылдат талдоолордун негизинде ишке ашырылышы керек деген пикирин билдирди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>