Быйыл айт намазы жылдагыдай Ала-Тоо аянтында жана мечиттерде жамаат менен окулбайт. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады.
«Коронавирустун жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 24-майдагы Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз”, — деп жазылат маалыматта.
24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин «КТРК» телеканалынан Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болот.
Белгилей кетсек, быйыл Рамазан айы 24-апрелде башталган.