Министрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодо
Чолпон-Атада триатлон боюнча Азия Кубогу өтөт
08.09.2026 | 16:36

12–13-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында триатлон боюнча «2026 VISA Asia Triathlon Cup Cholpon-Ata» эл аралык мелдеши өткөрүлөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Азия Кубогуна 17 өлкөдөн 100дөн ашык спортчу катышат. Алар сүзүү, веложарыш жана чуркоо багыттары боюнча күч сынашат.
Иш-чара Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Каприз» эс алуу борборунун аймагында уюштурулат.
Кыргызстандын курама командасынын атынан Темирлан Абдрахимов, Адамхан Саламатов, Данай Майрамбеков, Татьяна Кокина, Ангелина Блиндул жана Анна Крамаренко катышат. Мелдеш эл аралык деңгээлдеги спорттук иш-чара катары өткөрүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: Азия кубогу, триатлон